НАСТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСТИЯ (грекче nastos - ныкталган) - өсүмдүктүн жалбырагы, гүл желекчеси ж. б. органдарынын сырткы чөйрөнүн ар кандай шарттарынын (ным, температура, жарык ж. б.) таасиринен болгон кый­мылы. Н. өсүмдүк органынын жогорку жана төмөнкү жагындагы клеткалардын бирдей өспөгөндүгүнөн же ал клеткаларда тургордун бирдей эмес өзгөрүшүнөн болот. Жалбырактын күнгө караган жагы тез өскөн кезде жерди көздөй ийилиши эпинастия, ал эми бул процесс тескерисинче жүрсө гипонастия деп ата­лат. Жалбырактын түн ичинде тик кыймылы (альбиция, уй беде, соя), гүл коргондордун күн менен түндүн алмашуусуна байланыштуу ачылып, жабылышы, курт-кумурскалар менен азыктануу­чу өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын кыймылы да тургордук Н-га баш иет. Өтө тез Н-лык кый­мылдар - сейсмонастиялар Н-нын өзгөчө бир категориясын түзөт, анткени алар жер титире­генде же бир аз таасирде эле болот. Себеби бул өсүмдүктөрдүн организминде клетка мембрана­ларынын өткөргүчтүгү тез жогорулайт, осмос;

тук активдүү заттарды жана сууну кармоо күчү басаңдап, тургор өтө тез (көз ачып-жумганча) түшөт. Мындай механизмге мимоза жана кээ бир башка өсүмдүктөрдүн (чанактуулар, ышкын) жалбырактарынын тез жабылышы мисал боло алат. Н. механизминде фитогормондор (ауксин­дер, этилен, абцис кислотасы) белгилүү роль ойнойт. Демек өсүмдүктөргө таасир эткен факторлорго жараша фото-, гидро-, хемо-, сейсмо-, никти-, травма­жана электронастия болуп айырмаланат. Н-лык кыймыл өсүмдүк органын жабыркоодон сактоо (гүлдүн, үттөрдүн жабылышы, жалбы­рактын ийилиши) жана бир нерсени кармоо (му­рутчаларынын жана без түтүкчөлөрүнүн кыймы­лы) кызматын аткарат.