НАССАУ
НАССАУ, Н а с с о - Багама Аралдар Шериктештигинин борбору (1973). Н. архипелагдын та-
рыхый, коммерциялык жанаишкер бөлүгу. НьюПровиденс а-нда, Нассау океан бухтасына жантайыңкы дөңсөөлүү аралдын капталында жайгашкан. Калкы 241,2 миң (2010; өлкөнүн калкынын г/3 бөлүгү; жашоочулардын 85% и негрлер менен мулаттар). Эл аралык аэропорту бар. Порт круиз кемелерин кабыл алат. Эл аралык финансы борбору. Климаты тропиктик пассаттык. Урагандар болуп турат. Жылдык орт. темпрасы 21°Сден 25°Сге чейин, жаан-чачыны 1400 мм. Н. 1670-ж. негизделген. Н-нун герцогу Оранский Вильгельм Шнүн урматына аталган. 18-к-да деңиз каракчылары үчүн эң ыңгайлуу бухта болуп келген. Университет бар. Шаар статусун 1973-ж. 10-июлда алган. Шаардын борбордук бөлүгүндө королева Викториянын айкели, Шарлотта форту (1788; учурда музей) сакталган. «Адастра Гарденз» ботаникалык багы уюштурулган (көптөгөн тропиктик, субтропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт). Сыртка былпылдактар, цитрус мөмөлөрүн чыгарат. Инфраструктурасы жогорку деңгээлде өнүккөн дүйнөлүк курорт катары кабыл алынган. Туризм өнүккөн.
