НАСОС СТАНЦИЯСЫ
НАСОС СТАНЦИЯСЫ — сууну керектүү бийиктикке көтөрүп, тийиштүү жерге жеткирүүчү гиротех. курулма, машина жана механизмдер жыйындысы. Ал суу менен камсыз кылуу, канализация системаларына кирет; нефть жүргүчтөрүндө да пайдаланылат. Ал мелиорациялык (сугат тармагына суу берүүчү жана кургатылчу жерден сууну алып чыгуучу), суу м-,н камсыз кылуучу (суу жүргүч тармакка суу берүүчү) жана канализациялык (ыплас сууну алып чыгуучу) Н. с. болуп айырмаланат. Н. с-нын имараты жер үстүндө, жарым-жартылай жерге киргизилет жана жер астына орнотулат. Анда гидромех.
негизги (негизги насостор, жөндөгүч, ченегич ж. б. аппаратурасы бар түрдүү түтүктөр), кошумча (вакуумдук, май жана техникалык май берүү насостору, кургатуучу жана дренаж насостору, жүк көтөргүч кран, таль ж. б.), санитариялык-техникалык (желдеткич, жылыткыч ж. б.), ремонттук (ширеткич аппарат, станоктор) жабдуулар жайгашкан. Блоктуу, камералуу жана көчмө-калкыма болуп айырмаланат. Н. с. кол менен, автомат жана телемеханика аркылуу башкарылат. Кыргызстанда бОтай ири жана майда Н. с. иштейт, мисалы, Токтогул Н. с., Куланак Н. с. ж. б.