НАРЫН РАЙОНУ
НАРЫН РАЙОНУ — Нарын обл-ндагы администрациялык-аймактык бирдик. Облустун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз жана Тоң, түндүгүнөн Кочкор, батышынан Ак-Талаа р-ндору менен чектешет. Аянты 10,5 миң км2 (Нарын обл-нун аймагынын 23,7% и). Калкы 44,8 миң (2010). Район 1930-ж.

уюштурулуп (1957-ж. ага Куланак р-ну кошулган), 1962-96-ж. Тянь-Шань р-ну аталган. Райондо бир шаар, бир шаарча (Достук), 14 айыл аймагы жана 38 кыштак бар. Борбору - Нарын шаары.
Райондун аймагы негизинен Ортонку Нарын өрөөнун жана аны курчап турган тоолорду ээлейт. Өрөөндүн туурасы чыгышында 30 км, батышында (Кажырты суусу куйгандан тартып) 85 кмге чейин, таманы чыгыштан батышка карай төмөндөйт (2300 лгден 1600 лгге чейин). Нарын д-нын оң жээгине чаптар (бедленд) мүнөздүү. Алар терең, кууш жана тик капталдуу келип, кыртышы жана өсүмдүгү өөрчүбөгөн, чарбага жараксыз. Аймагында кенен (айрымдарынын туурасы 10 клгге чейин), түз тектирлер да кездешет, алар деңиз деңгээлинен 1700-2500 м бийиктикте жатып, көбүнчө Нарынга куйган ири суулардын боюнда пайда болгон. Мында райондун айылдары жайгашкан. Аймагынын түндүк бөлүгүн МолдоТоо (бийик чокусу 4418 м), Боор-Албас (3980 м), Ителги-Уя (3842 м), Нура-Тоосу (4228 м), КараЖорго тоосу (3833 м), Баук (3391 м), Ача-Таш (3980 м), Жетим (4931 м) кырка тоолорунун аскалуу тик түштүк капталдары жана алардын ортосун Соңкөл, Солтон-Сары өрөөндөру, ал эми түштүгүн Нарын кырка тоосу (4500 м), Ала-Мышык тоосу (3379 м), Кара-Тоо (4066 м), БайбичеТоо (3500 м) тоолорунун жантайыңкы беттери жана байыркы түздүктөр ээлейт. Климаты континенттик, кургак. Июлдун орт. температурасы 17°С, январдыкы -7,4°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 200-300 лглгдей. Райондун аймагынан Нарын д. жана анын куймалары агат. Өрөөндүн куба күрөң топурактуу чөлдүү талаасында негизинен
жарым чөл жана талаа өсүмдүктөрү өсөт. Курулуш материалдарынын (кум, чопо, гипс) кендери бар. Нарын д-нын жайылмасын тугай токою, тектирчелеринде баялыш-шыбактуу чөл, шыбак-ак кылкандуу баялыштуу жарым чөл өсүмдүктөрү, тоо этектерин ар түрдүү чөптүү, дан өсүмдүктүү талаа ээлейт. Нарын-Тоонун түндүк капталында (2500-3200 лг) жапалак арча, карагай өсөт. Райондун аймагында Нарын коругу жана Кара-Тал - Жапырык коругу уюшулган.
Райондо облустун калкынын 17,1%и жашайт (2010). Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 кишиге 26,2), өлүм-житим төмөн (ЮООге 7,8), табигый өсүш - 8,4. Калкынын 99,8% кыргыздар; эмгек жашына чейинкилер 43,4% и, эмгек жашындагылар 45,7%, эмгек жашынан өткөндөр 10,9%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 4,3 киши.
Н. р-нун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 2010-ж. 179,7 миң кой жана эчки, 29,3 миң бодо мал (анын ичинде 2,9 миң топоз), 20,6 миң жылкы, 21,7 миң үй канаттуулары болгон. Жалпы жер фондусу 779,8 миң га, анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 477,6 миң га (жеринин 61,1%). Көпчүлүк жери (451,6 миң га) жайыт. Айдоо аянты 19,0 миң га, анын 17,9 миң гасы сугат жер, 1,1 миң гасы кайрак жер; 2,2 миң га чабынды, 57 га жерге көп жылдык өсүмдүк өстүрүлөт. Дан эгин (3,5 миң га, анын ичинде буудай - 2,2 миң га), картөшкө (1,6 миң га), жашылча айдалган (2010). Токой фондусунун аянты 140,0 миң га. Райондо 12 коллективдүү, 2 мамлекеттик, 5933 дыйкан (фермер) чарбалары иштейт. Жалпы ө. ж. өндүрүшүндө электр энергиясын өндүрүү, тоо-кен өндүрүшү басымдуулук кылат. Район облуста өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын 69,4% ин берет.
Нарын обл-н экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү максатында «Нарын» эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамында 36 субъект бар. Н. р-унда «КМК», «Артель - Нарын», «Кенч», «Кумбел - Ресурс» жана «Кербен» чакан ишканалары иштейт. Райондун аймагынан Бишкек - Балыкчы - Торугарт _автомобиль жолу өтөт. Жүргүнчүлөрдүн негизги бөлүгү автобус менен ташылат. Нарын ш-нда троллейбус жүрөт.
Райондо 33 орто мектеп 2 кесиптик-техникалык жана медициналык окуу жайы, 32 китепкана, 24 клуб, бир райондук, 6 участкалык оорукана, 27 ФАП, 4 мончо, 4 мейманкана бар. Санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө борбору, 11 үй-бүлөлүк врачтары, тобу, турмуш-тиричилик кызматы, соода ишканалары, тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.
Райондук «Жибек-Жолу» гезити кыргыз тилинде чыгат. Райондун аймагында 9 туризм жана эс алуу уюмдары, балдардын ден соолугун чындоочу комплекс, «Салкын-Төр» эсалуужайы ж. б. бар.