НАРЫН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 30 км түштүк-батышта, Достук кыш-нан 1 км батышта, деңиз деңгээлинен 1999- 2003 м бийиктикте жайгашкан. 1984-ж. чалгын­далган. Кен аймагы соңку төртүнчүлүк мезгил­де пайда болгон кой таш-шагыл-кум аллювий катмарынан түзүлүп, Ат-Башы суусунун Нарын д-на куйган жердеги тектирчесинде созулуп жа­тат. Пайдалуу катмар калыңдыгы 4,0 ладен 6,5 лгге чейин өзгөрүп, 0,5-2,5 м кумайлуу чопо менен жабылып калган. Орт. гранулометрлик ку­рамы: 700 -70 мм - 29% , 70-5 мм - 53% , 5 мм майдасы - 18%. Шагылды талкалап, кумун жууп, «300» маркадагы бетонду, асфальт бето­нун алууга болот. Жол курууга пайдаланууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 87 миң м?, Сх- 301 миң м?.