НАРЫН КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН КОРУГУ Нарын обл-нун чыгышында, Нарын д-нын сол өйүзүндө. Бугу-маралды сак­тоо, санын көбөйтүү максатында 1983-ж. 29-де­кабрда түзүлгөн. Чоң Нарын менен Кичи Нарын­дын кошулган жеринен чыгышты карай 11 км аралыктан башталып, Нарын-Тоонун түндүк, Же­тим-Тоонун түштүк бетиндеги Жакболот-Нарын кууш капчыгайындагы карагай токойлуу мас­сивди камтыйт. Жалпы аянты 32,9 миң га, анын ичинде токой аянты 10 миң га. Деңиз деңгээлинен 2400-3500 м бийиктикте. Анын ири жана жыш массиви Каш­ка-Суу, Үч-Булак жана Байбиче ойдуңдарында ке­ңири таралган. Өсүмдүктөрдүн 1870, жаныбар­лардын 50 түрү кездешет. Өсүмдүктөрү (анын ичинде ка­рагай, шилби, четин, тал, ит мурун, карагат, ак чечек, арча ж. б.) суулардын боюна чейин өсөт. Марал Кыргызстандын бир гана ушул айма­гында кездешет, андан башка тоо эчки, аркар, кулжа, элик, түлкү, аюу, карышкыр, илбирс, сүлөөсүн, коён, тыйын чычкан ж. б., канаттуу­лардан улар, кекилик мекендейт. Мында жер бетинин түзүлүшүнүн татаалдыгы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап келет. Эко­логиясы таза аймак. Ш. Качаганов.