НАРЫН II АКИ ТАШ КЕНИ
НАРЫН II АКИ ТАШ КЕНИ Жалал-Абад облнун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 5,5 км түндүктө, Фергана тоо тизмегинин түштүк этегинде жайгашкан. 1954-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун кумдак, сланец, алевролит, конгломерат жана аки таш тектери түзөт. Аки таш катмарынын калыңдыгы 80 м, өңү агыш боз, бозомтук, массивдүү. СаО - 54,45%, М§О - 0,58%, башка - 42,14% . Эзилбеген калдык 1,22%. Суукка чыдамдуулугу 620. Баланстык запасы В+Сг категориясы боюнча 123,5 миң м3. Портланд цементи менен курулуш акисин алууга жарамдуу.