НАРЫНБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫНБАЕВ Азиз Исажанович (24. 4. 1924- жылы туулган, Каракол) - философ, философия илимдеринин доктору (1970), проф. (1979). КР УИАнын корр. мүчөсү (1989). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). Улуу

Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1947-ж. Кыргыз педагогикалык институтун бүтүп, ошол эле окуу жай­ында окутуучу, 1952-57-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыр­гыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, ка­федра башчысы, 1957-59-ж. Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун ректору, 1959-68-ж. Кыргыз мамлекеттик

кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедранын, 1968- 77-ж. Кыргыз ССР УИАда сектордун, 1977-жыл­дан кафедранын башчысы. Илимий эмгектери неги­зинен улут маселесине арналган. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Кы­зыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик со­гуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Махмуд Кашгари - классик средневековой общественной мысли. Б.. 1993.