НАРКОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРКОЗ (грекче narke - уйку, селейип калуу) - айрым химиялык заттарды же физикалык факторлорду кол­донуу менен жасалма чакырылган терен уйкуда­гы абал. Н. медицинада хирургиялык операция уба­гында оорутпоонун бир түрү катары колдону­лат. Н-догу адам акыл-эсин толук же жарым жартылай жоготот, ооруну сезбейт, булчуң этте­ри бошоңдойт, рефлекстери басаңдайт. 1846-ж. америкалык хирург Уоррен 1-жолу эфирди пайдала­нып, операция жасаган. Россияда эфир Н-ун 1- жолу 1847-ж. Ф. И. Иноземцев жана Н. И. Пиро­гов колдонгон. Н. оорулуунун организмине ин­галяция түрундө жана ингаляциясыз (венага, көтөн чучукка, булчуңга, тери алдына, сөөккө) берилет. Ингаляциялык Н. дем алуу жолдору аркылуу жиберилет. Ал атайын аппарат аркы­луу кычкылтек менен аралаштырылып так өл­чөмдө (дозада) берилет. Венага жиберүүчү Н. үчун көбүнчө уктатуучу заттар колдонулат. Мында оорулуунун венасына Н. заты куюлат, ал укта­гандан кийин ингаляциялык жолго өтөт. Азыр бул 2 жолду айкалыштыруу көп колдонулат. Анестезиологиянын жетишкендиктери өпкө, жүрөк, мээнин ири кан тамырларына татаал операцияларды жасоого мүмкүндүк берди.

Ад.: Руководство по анестезиологии/Под редакциялык Атап Айтканда Бунятяна. 2-е изд. М., 1997.