НАРИМАН.
НАРИМАН. - Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Нариман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 20 км түштүк тарапта. Ош т. ж. бекетинен 4 км. Калкы 9373 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, оорукана, ФАП, дарыканалар, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматы, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегирмендер, май жуаз, ак жуаздар, соода жайлары, чайкана, кафе-барлар, базарчалар иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмг. Баатырлары Т. Сулайманов жана И. Каримов туулган.