НАПОЛЕОН СОГУШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАПОЛЕОН СОГУ1ПТАРЫ — Наполеон 1нин консулдугунун (1799-1804) жана империясынын

(1804-14, 1815) мезгилиндеги Франция согуш­тары. Н. с. Европада соода ө. ж. жана аскердик­саясий үстөмдүгүн орнотуу, Франция аймагын кеңейтүү, дүйнөлүк соода жана колониялык би­ринчилик үчүн Улуу Британия менен болгон кү­рөштө жеңишке ээ болуу максатында жүргү­зүлгөн. Н. с. алгач прогрессивдүү, кийин басып алуучулук мүнөздө болгон. Н. с. объективдүү түрдө европалык мамлекеттердеги (Германиядагы он­догон майда феод. мамлекеттер жоюлуп, кээ бир басып алынган мамлекеттерде Наполеондун жарандык кодекстери киргизилген) феод. түзү­лүштү ыдыратып, капитализмди өнүктүрүүгө түрткү берген. 1799-ж. 18-брюмердеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Наполеон I аскердик дик­татура орноткон. 1800-ж. Наполеон 1нин армия­сы Альп тоолору аркылуу Италия жерлерин басып алган. 1803-ж. Улуу Британия менен согу­шуп, Трафальгар салгылашында (1805) англис флотунан жеңилген, бирок Францияга каршы уюшулган коалиция күчтөрүн бир бирден тал­калаган. 1805-ж. Ульмага жакын жерде авст­риялык армияны курчоого алып, 1805-ж. 2-де­кабрда Аустерлиц салгылашында орус-австрия аскер күчтөрүн багынткан. Австрия 1805-ж. 26- декабрда Франция менен Пресбург тынчтык ке­лишимине кол коюуга мажбур болуп, келишим боюнча Австрия Франциянын Италиядагы, Батыш жана Түштүк Германиядагы басып алган жерлерин тааныган. 1806-ж. Наполеон I Батыш жана Түштүк Германия мамлекеттеринен Рейн союзун түзүп, аны Франция менен бирге аскер блогуна кошкон. Рейн союзунун түзүлүшү 1806-ж. август айында австриялык Габсбург династиясы башкарган «Ыйык Рим империясынын» жоюлушуна алып келген. 1806-ж. Йена жана Ауэрштедттин алдын­дагы салгылашуулардан кийин Пруссия фран­цуз аскерлери тарабынан оккупацияланган. 1807-ж. Фридланддын алдындагы салгылашуу­да Наполеон I орус аскерлерин жеңип, Тильзит тынчтык келишими боюнча Россия аймактарын басып алган. 1808-ж. француз армиясы Испа­нияны оккупациялап, 1808-ж. Мадридди алган. 1809-ж. австрия-француз согушунда Налолеон I Ваграмдын алдында болгон салгылашта Авст­рияны, 1810-ж. Голландия королдугун көз ка­ранды кылг^ан. Француз өкмөтү, француз бур­жуазиясы жана жогорку даражадагы аскерлер басып алган мамлекеттерди талап-тоноодон ба­йыган. Наполеондук эзүүгө каршы коалиция­лар түзүлүп, көтөрүлүштөр чыккан. Ата Мекен­дик согушта орус элинин күрөшү жана фельдмар­шал М. И. Кутузов жетектеген орус армиясы­нын күчү менен Наполеон 1нин армиясы толук тал­каланган. 1814-ж. майда Париж тынчтык ке­лишимине (к. Париж тынчтык келишимдери 1763,1814,1815) кол коюлуп, Франция бардык басып алган жерлеринен ажыраган. 1815-ж. На­полеон I тактысына кайра отуруп, «Жүз күн» башкаруу мезгилинде Наполеон I А. Веллинг­тон башкарган англис жана Г. Блюхердин ко­мандачылыгы астындагы пруссиялык аскерлер­ден биротоло жеңилген.