НАПОЛЕОН КОДЕКСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАПОЛЕОН КОДЕКСИ, француздардын жарандык кодекси - Франциянын бардык аймактарында колдонулуучу мыйзам жыйнагы. 1804-ж. 21-мартта Наполеондун де­милгеси жана жарлыгы менен киргизилип, өз­гөртүүлөр менен бүгүнкү күнгө чейин колдонулат. 1800-ж. Н. к-н түзүү үчүн атайын даярдоочу ко­миссия түзүлүп, анын курамына белгилүү сот­тор (Ф. Д. Тронше, Ф. Биго де Преаменэ) жана укук коргоочулар (Ж. М. Порталис, Ж. Мале­виль) кирген. Наполеон өзү да комиссиянын ишине активдүү катышкан. Кодекстин негизин Ж. М. Порталис иштеп чыккан. Н. к. 3 китеп­тен турган. Биринчи китебинде жарандык, үй­бүлөлүк жана опекундук укук (7-515-статьяла­ры); экинчи китепте мүлк мамилелерин жөнгө салуу (516-710-статьялары) жана үчүнчүсүндө мүлккө ээ болуу жолдору, анын ичинде мурастык укук ж. б. (711-2281-статьялары) жөнүндө мыйзамдар жазылган. Кодекс 1804-ж. Француздардын жа­рандык кодекси, 1807-ж. Наполеон кодекси, 1816-ж. Жарандык кодекс, 1852-жылдан Напо­леон кодекси деп аталат. Н. к. башка европа мам­лекеттеринин (Полыпа, Бельгия, Италия ж. б.) жарандык укуктарынын иштелип чыгышына жана кодификацияланышына чоң таасир тий­гизген.