НАПОЛЕОН I
НАПОЛЕОН I, Наполеон Бонапарт (15. 8. 1769, Корсика, Аяччо - 5. 5. 1821, Ыйык Елена а.) - Франция мамлекеттик ишмери, кол башчысы. Франция Респ-нын 1-консулу (1799-1804), император (1804-14 жана 1815). Ак сөөк үйбүлөдөн. Франциядагы Отен коллежин (1779), Бриен (1784) жана Париж (1785) аскер окуу жайларын бүткөн. 1785-жылдан артиллериянын кенже лейтенанты чининде аскердик кызматта. Корсикалык сепаратисттер менен Н-дун ортосунда чыккан жаңжалдан улам 1793-ж. Н. Корсикадан качып кетүүгө аргасыз болгон. 1789- 94-жылдардагы буржуазиялык революция мезгилинде Тулон ш-н бошоткону үчүн капитандыктан бригада-

лык генералдыкка көтөрүлгөн. 1796-ж. Н. Италия операциясы үчүн түзүлгөн армиянын башкы командачылыгына дайындалган. 1796-97-ж. жетишкен ийгиликтери аны ири кол башчылардын катарына кошкон. 1799-ж. 9-10- ноябрда (18-19- брюмер) Н. Директория режиминин кризисинен пайдаланып, ири буржуазиянын колдоосу менен мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Наполеон режиминин экономикалык саясаты ө. ж. менен сооданын өнүгүшүнө багытталган; жумушчу кыймылдарына тоскоолдук кылуу үчүн Н. жумушсуздукту жоюп, жумушчуларды жумуш менен камсыздоого аракеттенген; жумушчу уюмдарын түзүүгө тыюу салган. 1801-ж. Рим папасы менен конкордат. түзүп, католик чиркөөсүнүн колдоосуна ээ болгон. 1802-ж. Н. адегенде консулдук (к. Консул), кийин империя (1804-ж. 18-май) формасындагы аскердик буржуазиялык диктатура орноткон; ички саясатында буржуазиялык революциянын жеңиштерин жоюп, өлкөгө аскер-полициялык система киргизген; ал иштеп чыгууга өзү катышкан жарандык (1804), соода (1807) жана кылмыш (1810) кодекстери менен буржуазиялык түзүлүштү чыңдоого көмөктөшкөн. Н. Францияга каршы Англия башчылык кылган коалиция менен экономикалык ж.-а саясий үстөмдүк талашып, көп согушкан. Н-дун согуштары баскынчыл, талоончул мүнөздө болгон, бирок Европадагы феод,- абсолюттук түзүлүшкө сокку урган, Франциянын абалын да начарлаткан. Н. согуш саясатын улантып, 1812-ж. июнда Россияга каршы согуш ачкан. Орус элинин Ата Мекендик согушунда (1812) Н-дун «улуу армиясы» талкаланышы, Н-дун империясынын кулашынын башталышы болгон. Европа элдеринин коалициялык аскерлеринен жана Европанын көтөрүлгөн элинен жеңилерин билген. Н. 1814-ж. мартта (союздаш аскерлер Парижге киргенде) бийликтен түңүлүп, 6-апрелде тактан баш тарткан жана Эльба а-на айдалган. Ал 1815-ж. мартта француз тагын кайтадан басып алган («Жүз күн»), Н-дун бийликке кайра келүү аракети Ватерлоо салгылашында ойрондолуп, экинчи жолу тактан баш тартып (1815-ж. 22-июнь), Ыйык Елена а-на айдалган жана ошол жерде өлгөн. Сөөгү 1840-ж. Парижге алып келинип, Майыптар үйү соборуна коюлган, к. Наполеон согуштары.
Ад.: Тарле Е. В. Наполеон. М., 1957; Манфред А. 3. Наполеон Бонапарт. М., 1971; История человечества. М., 2002.