НАНАЙЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНАЙЛАР (эскиче аты - гольддор, өздөрүн на­най, нани деп аташат) - Россиядагы эл. РФтин Хабаров жана Приморье крайларында, ошондой эле Кытайда да жашашат. Жалпы саны 17 миң киши (2002). Нанай жана орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери православныйлар, бирок шамандык ырым-жырымдарын сактап калган.

Н-дын этностук негизин байыркы амур калкы жана түрк, тунгус тйлдүү ж. б. ата-бабалары түзгөн. Н. дубалы жыгачтан тургузулган үйлөр­дө жашашып, балыкчылык, аңчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Итти унаа ката­ры пайдаланышкан. Баалуу аң-терилерди кез­демеге, унга, тарууга ж. б. алмашкан. Н. аң­терилерден даярдалган кийим кийишкен. Та­мак-ашы - негизинен балык азыктары.