НАМАНГАН УЕЗДИ (1876-1924)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАНГАН УЕЗДИ (1876-1924) - Туркстан генерал-губернаторлугуна караштуу аймактык бирдик. М. Д. Скобелев жетектеген орус аскери Наманган ш-н алгандан (26-сентябрь, 1875) ки­йин түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш, чыгыш тарабынан (Нарын - Сыр-Дарыянын чы­гышы - Чаткал тоо кыркалары менен чектелген) орун алып, жалпы аянты 15273,4 км2 (вёрст) түзгөн. Калкы 1896-ж. 1-январдагы эл каттоо боюнча 208940 жан (105212 эркек, 103728 аял) бо­луп, анын ичинде жергиликтүү калк (көчмөн жана отурукташ­кан) 207543 болгон. Н. у. 27 болуштуктан ту­руп, бешөө (Кырк уул, Саруу, Чаткал, Арым, Суусамыр) көчмөн болуштуктар болгон. Түрк­стан крайында Совет бийлигинин орношу менен (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бө­лунушу) 1924-ж. Н. у-нин 10 болуштугу Кара Кыргыз АОсунун курамына өткөн.

Ад.: Материалы для статистического описания Ферганской области: результаты поземельно-податных работ. Вып. 3. Наманганский уезд/Сбст. Г. С. Наза­ров. Типография Ферганск. областн. правления, 1910.