НАМАНГАН ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАНГАН ОБЛУСУ - Өзбекстандагы администрациялык бирдик. 1941-ж. 6-мартта уюшулган. Батышы­нан Ташкент (Камчик ашуусу аркылуу байла­нышат), түштүк-батышынан Хожент (Тажикстан), чыгышынан Анжиян, түштүгүнөн Фергана обл., түндүгүнөн Жалал-Абад обл. (Ала-Бука райо­ну) менен чектешет. Н. о. Фергана өрөөнүнүн түн,- чыгыш бөлүгүндө, Сыр-Дарыянын оң өйузүндө жайгашкан. Аянты 7,9 миң км2. Калкы 2,2 миллион (2011). Борбору - Наманган ш. Облустун кура­мында 11 администрациялык район, 8 шаар (Наманган, Ка­сансай, Пап, Тура-Коргон, Үч-Коргон, Чартак, Чуст, Хакулабад), 12 шаарча бар. Климаты кес­кин континенттик. Январдын орт. температурасы - 4°С, июлдуку 25°С. Жылдык жаан-чачыны 150 мжден (түздүктөрдө) 600 жлге (тоолордо) че­йин. Негизги дарыясы - Сыр-Дарыя. Боз топу­рактуу. Эфемер жана шыбак-бетегелүү талаа өсүмдүктөрү өсөт. Сугат дыйканчылыгы (канал­дары: Түндүк Фергана, Чоң Наманган) мүнөздүү. Бакчачылык, жүзүмчүлүк жибекчилик өнүккөн. Бут кийим, пахта тазалоо, текстиль ө. ж. бар. Автомобиль ремонттоочу цех, химиялык завод, электр­механикалык ишканасы, кургатылган жемиш кагын даярдоо өндүрүшү иштейт. Ошондой эле негизги а. ч. продукциясы - шарап, пахта, жемиш жана жй­бекчилик үчүн сырьё даярдоо. Элдик промысе­ли (Чуст ш-нда улуттук өзбек канжары даяр­далат) өнүккөн. Т. ж-нун уз. 140 км, автомо­билдики 11,8 миң км (анын ичинде асфальтталганы 4 миң км). Дары баткак курорту (Чартак) иштейт.

Б. Амираева.