НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ Ош обл-нун Ноо­кат р-нундагы Көк-Жар кыш-нын 5-6 км түштүк жагында. 1968-ж. ишке киргизилген. Суу сак­тагыч Кыргыз-Ата, Чили-Сай, Кошчан, Шаң­кол, Абшыр-Сай суулары менен толтурулуп ту­рат. Сыйымдуулугу 39,5 миллион м3, уз. 8 км, жазы жери 2 км, тереңдиги 37,6 м, суу толгондогу аянты 4,23 км2. Минутасына 912,0 м3 суу агып чыгат. Бөгөтүнүн уз. 265 м, туурасы 6 м, би­йикт. 40,5 м. Суу сактагычтын суусу менен Ара­ван р-нундагы Төө-Моюн талаасынын 6 миң га жери сугарылат. Суу толтуруу жана сугатка чы­гаруу автоматташтырылып, телемеханикалаш­тырылган.