НАЙМАН (Сузак р-ну)
НАЙМАН - Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыянын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 18 км түш,- чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 25 км. Калкы 600 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.