НАЗАРАЛИЕВ Орозаалы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗАРАЛИЕВ Орозаалы (1898, азыркы Ысык­Көл обл., Түп р-ну, Теңизбай кыш. — 19. 2. 1957, Каракол кыш.) - алгачкы агартуучу, коллек­тивдештирүүгө жигердүү катышкандардын бири. Алты жашынан жетим калып, 1914-ж. Кара­колдо татар-уйгур мектебинен окуган. Таш­кенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (1928), КПСС БКнын Москвадагы жогорку мектебин (1932) бүткөн. 1920-27-ж. алгачкы мугалим ка­тары Теңизбай айылына сабатсыздыкты жоюу (ликбез) мектебин уюштуруп, Ысык-Көл өрөө­нүнүн Тепке, Чолпон, Күрмөнтү айылдарында элдин сабатын ачуу боюнча иш алып барган. 1927- 29-ж. Каракол кантондук агартуу кызматкер­лер союзунун, 1930-31-ж. Кайынды айыл сове­тинин төрагасы, 1932-34-ж. № 507 «Скотовод» совхозунун директору, 1934-35-ж. Тепке колхо­зунун башкармасынын төрагасы, 1936-39-ж. Ош обл-нун Ноокат р-ндук финансы бөлүмүнүн баш­чысы, 1939-46-ж. партиянын Ноокат, Жети­Өгүз, Түп райкомдорунда, Ысык-Көл обкомунда жооптуу кызматта, 1946-47-ж. Каракол асыл тукум чарбасынын директору, 1947-49-ж. Тас­ма айыл советинин, 1949-57-ж. Ново-Вознесе­новка р-нунун Каракол совхозунда жумушчу кооперациясынын төрагасы болуп иштеген. Кыр­гыз АССР агартуу кызматкерлеринин 2-3-съез­ддеринин делегаты. Обл. советтерге депутат бол­гон. Тепке айлындагы бир көчөгө ысмы ыйга­рылган.