НАЗАРАЛИЕВ Медербек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗАРАЛИЕВ Медербек (1934-жылы туулган, азыркы Чүй обл., Панфилов р-ну, Орто-Кайырма айы-

лы) - режиссёр, КРдин эл артисти (1992). 1958-ж. А. Н. Островский атындагы Таш­кент театр-көркөм институтун бүтүргөн. 1958-62-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрынын баш­кы режиссёру, 1962-71-жылы Туулган Абдумомунов атындагы Кыр­гыз Улуттук академиялык драма театрында режиссёр, 1971- 78-ж. кайрадан Нарын музыкалык драма театрында башкы режиссёр, 1978-79-ж. Кыргызстан театр коо­мунда көркөм жетекчи, 1979-83-ж. Респ. эл чыг­лыгы үйүндө элдик театрлар бөлүмүнүн башчы­сы, 1984-жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл обл. драма театрында башкы режиссёр. Кой­гон спектаклдери: Н. В. Гоголь «Текшерүүчү», А. Грибоедов «Акылдан азап», Азиз Несин «Жү­рү бери», Ч. Айтматов «Саманчынын жолу», Т. Абдымомунов «Абийир кечирбейт» ж. б.