НАДЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАДЬ Имре (7. 6. 1896, Австрия-Венгрия, Ка­пошвар, - 16. 6. 1958, Будапешт) - Венгриянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1916-ж. 1-дүйнөлүк согуш (1914-18) убагында орустарга туткунга

түшүп, Иркут губерниясына алынып келинген. 1917- 24-ж. РКП(б)нин мүчөсү. 1917-ж. Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1921- ж. Венгрияга кайтып кел­генетикалык 1924-25-ж. Венгр со­циал-демокр. партиясынын, 1925-жылдан Венгр социалисттик жу­мушчу партиясынын мүчөсү. 1928-ж. Венага эмиграция-

га кеткен. 1930-44-ж. Н. СССРде жашап, Ко­минтернде (к. Коммунисттик Интернацио­нал) жана СССР ИАнын А. ч. институтунда иштеген. 1944-ж. Н. коммунист-эмигранттардын ката­рында өз мекенине кайтып келген. 1944-45-ж. а. ч. министри, 1945-49-ж. Венгр КП БКнын мү­чөсү. 1949-ж. оппортунизмге тиешеси бар деген күнөө менен Венгр КП БКдан чыгарылып, бар­дык кызматтарынан бошотулган. 1950-ж. а. ч. министри болуп дайындалган. 1953-55-ж. Ми­нистрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 1956-ж. Венгриядагы. козголоң башталганда Ми­нистрлер советинин төрагасы болуп кайра да­йындалган. Ал демонстрацияга чыккандарды колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келиши­минен (1955) чыккандыгын жарыялаган. Советтик аскерлер козголонду баскандан кийин, 1958-ж. Будапештте жашыруун түрдө өлтүрүлгөн. 1989-ж. коммунисттик режим кулагандан ки­йин салтанаттуу түрдө кайра көмүлүп, Венгрия улуттук баатыры деп жарыяланган.