НАГПУР
НАГПУР - Индиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Наг д-нын боюнда. Кал-
кы 2,4 миллион (2010). Кебез-кездеме ө. ж-нын жана пахтачылык аймагындагы ири соода-транспорт борбору. Машина куруу, тамак-аш, айнек-карапа, тактай-кагаз жана полиграфиялык ишканалары иштейт. Кустардык жол менен кездеме токулат жана көркөм буюмдар жасалат. Ситабалди форту (1818) сакталган. Университет, археол. музей бар. Н-га жакын жерде марганец казылып алынат. Апельсин өстүрүлөт. Зоопарк уюштурулган.
