НААМА
НААМА, н а а м е (ир. - кат, жазуу, китеп, чыгарма) - эпистолярдык форманын бир түрү, бирөөгө жөнөтүү үчүн атайы арналып жазылат. Бул форма көбүнчө тажик-фарсы, өзбек жана башка түрк элдерине тиешелүү. Мисалы, салам наама кат жаздым, сагынып сага баралбай (Тоголок Молдо). Дүйнөлүк адабий прогресске өз салымдарын кошкон Хорезми, Амири, Фирдоуси, Бабурдун чыгармалары Н. формасында жазылган(мисалы, «Бабур нааме», «Шахнааме» ж. б.). Н. бүтүн чыгарма же бир чыгарманын үзүндүсү болушу да мүмкүн.