МЮЗИК-ХОЛЛ
МЮЗИК-ХОЛЛ (англ. music-hall - концерт залы) - эстрада театрынын бир түрү. Алгачкы М.-х. Лондонго жакын жерде Воксхоллдо ачылган. 1890-ж. Лондондо «Альгамбра» М.-х-у пайда болуп, анда эстрадалык жана ири цирк артисттери катышкан, өзгөчө клоун оюндары ийгиликке ээ болгон. Башында бул оюндар көбүнчө жөнөкөй көрүүчүлөргө арналса, кийинчерээк европалык жана америкалык М.-х-дордо чектен ашкан тамашалар, шаан-шөкөттөр, адепсиздик, эротика көп орун ала баштаган. Россияда 1923-ж. Москва багындагы «Аквариумда» ачылган.