МЭЭНИН ЧАЙКАЛЫШЫ
МЭЭНИН ЧАЙКАЛЫП1Ы - кырсыктын кесепетинен мээнин жабыркашы. Мында мээ заты бузулбайт, бирок нерв клеткаларынын иштеши убактылуу бузулуп, мээнин айрым бөлүктөрүнүн байланышы үзүлөт да, анын функциясынын бузулушу байкалат. Баш сөөк көңдөйүндө басым көбөйүп, мээ заттарынын физикалык-химиялык касиеттери өзгөрүлөт. Жеңил түрүндө адам бир аз эстен танат. Эсине келгенде кускусу келип, жүрөгү айланат, башы ооруйт. Катуу болгондо өңү кубарат, тамырдын кагышы басаңдайт же ылдамдайт, алы кетип, башы ооруп, айланат, кырсыктын алдындагы окуялар эсинде калбайт. Мээ катуу урунганда баш сөөк көңдөйүнө кан куюлса, далайга эстен танып, дем алуу, жүрөктүн иши начарлайт, уйку басышы мүмкүн. Мындай абал 1-2 жумадан кийин акырындык менен жоголот. Дарылоодо тынч жаткырып, уктатуучу, тынчтандыруучу ж. б. дарылар берилет.
МЭЭР чөп, женьшень (латынча Рапах §1пзеп£) - өсүмдүктөрдүн аралиялар тукумундагы көп жылдык дары чөп. Тамыры жоон. Сабагы бир нече жыл кыштайт, түз өсөт, бийикт. 50 см, татаал жалбырактуу. Сабагынын жогору жагында узун саптуу жалбырактары 3-5тен топтолуп жайгашкан. Рүлү эки жыныстуу; 3 жылдан кийин июль айында гүлдөйт, гүлү агыш жашыл түстө. Кызыл мөмөсү августта бышат, 1-3 уруктуу данеги маш буурчакка окшош, уз. 10-12 мм. Жапайы М. ч. Кытайдын түндүк-чыгыш жагында, Россияда Хабаров жана Приморье крайында аралаш токойдо кездешет. Жапайы М. ч. өтө жай өсүп, 100 жыл, кээде андан узак өсөт. Тамырынын салмагы 400 гга жетет, андан алынган дары медицинада пайдаланылат. Эгилме М. ч. бат өсөт, тамыры жоон, химиялык, курамы жана фармакол. таасири боюнча жапайы М. ч-төн калышпайт. Ал Корея, Кытай, Япония, Приморье крайында өстурүлөт.