МЫШЫК СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫШЫК СЫМАЛДАР (Felidae) - сүт эмүүчүлөр­дүн жырткычтар түркүмүндөгү тукуму. Башы те­герек, тулку сымбаттуу, булчундуу; буттары

күч­түү, тырмагы чоң, курч, куйругу узун. Түрдүү чоңдукта. Жүнү кыска, жыш; терисинде кара тактары же тилкелери болот; талаа жана чөлдө­гүлөрү сары же кум түстүү. М. с-дын угуу жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн, жыт сезүүсү начар. Бутунун учу менен басат, алдынкы буту 5, арткысы 4 манжалуу. Кылкыйма жана азуу тиштери жакшы өөрчүгөн. Жер бетинде 4 уруу­га кирген 36 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 11, Кыргызстанда 5 (илбирс, сүлөөсүн, жапайы мышык ж. б.) түрү бар. Жапайылары бардык материк­те, көбүнчө тропикте көп түрлөрү таралган. Сүт эмүүчүлөр, куштар, жерде-сууда жашоочулар, балык ж. б. жаныбарларды жейт. Азыгын аң­дып жатып кармайт. Жылына, көбүнчө 2-4тү тууйт. М. с-ды терисин алуу үчүн кармашат. Мал чарбачылыгына зыян келтирет. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 11 түрчөсү кирг­изилген.

Мышык сымалдар: 1 - бенгал мышыгы; 2 - мадыл; 3 - камыш мышыгы; 4 - чөл мышыгы; 5 - кум мадылы; 6 - арыстан.