МЫРЗАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫРЗАЛИЕВ Арстанбек (15. 5. 1931-ж. т„ азыр­кы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Ысык-Ата айы­лы) - невропотолог, медицина илимдеринин доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын ака­демиги (1984). КММИни (1952), СССР МИАнын Н. Н. Бурденко атындагы Нейро­хирургия институтунун аспиран­турасын (1955-58) бүтүргөн. КММИде нерв оорулар ка­федрасында ассистент, до­цент, проф., кафедра баш­чысы, 1978-87-ж. прорек­тор, 1987-96-ж. ректор бо-

луп иштеген. 1996-жылдан КММАда кафедра башчысы,

Кыргыз ССРнин илимге эмг. сиң. ишмери (1970), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1967). Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1989- 94). Негизги илимий эмгектери нерв системасынын сезгенүүсү жана шишиги, тукум куума жана кан тамырларынын өзгөрүшүнөн пайда болгон оору­ларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу ма­селелерине арналган. 210дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 15 окуу китеби жана окуу куралдары бар.

Эмг.: Сирингомиемия (в соавторстве). Ф„ 1976; Ра­дионуклеидные методы исследования в клинике сосу­дистых заболеваний головного мозга (в соавторстве). Ф„ 1982; Клинические лекции по невропатологии. Б„ 2001.