МЫРЗА-АКЕ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫРЗА-АКЕ ЧОПО КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Өзгөн ш-нан 10 км түштүк-чыгышта, Мыр­за-Аке кыш-нын түштүк четинде, деңиз деңгээлинен 1128-

1160 м бийиктикте. 1958-ж. жана 1969-71-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен ай­магында антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер кеңири тараган. Кумайлуу чопо Өзгөн суусунун жээгиндеги 3-тектирди түзүп жатат. Үстүн шагылдуу кой таштар жаап кал­ган. Кумайлуу чопонун өңү сары, агыш боз, тыгыз, айрым жерлери көзөнөкчөлүү. Катмар­дын калыңдыгы 6-55 м. Химиялык-технол. касиети боюнча кумайлуу чоподон «75» жана «100» марка­сындагы кыш, «500» маркасындагы аглопорит алууга болот. 1996-жылга карата калган запа­сы А+В+С^ категориясы боюнча - 6686 миң м3, С, - 540 миң м3.