МЫЛТЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫЛТЫК - сайлуу жана жылма найлуу (ствол­ДУУ) ок атма курал. М. ан уулоочу, аскер­дик, спорттук ж. б. болуп айырмаланат. А ң у у л о о ч у М-тын найы жылма болуп, анчы­лык кылууга ылайыкталган. Аскердик М. өзү дүрмөттөлмө жана автоматтык атылма бо­луп, найына сай салынат. Сай октун айланып, туруктуу алыска учушун, объектиге таамай ти­йишин камсыз кылат. Спорттук М. спорт­тук максаттар үчүн ар кандай буталарды атууга арналат. М. улам жакшыртылуу менен анын ай­калышкан түрлөрү колдонулууда. М-тын не­гизги бөлүктөрү: кундак, най, машаа, кароол, прицел, ок салгыч куту, кармагыч (цевьё), ат­кыч илмек жана сактагыч. Кыргызстанда М-тын милте коюп, бытыра салынып атылма бараң, кара мылтык ж. б. түрлөрү болгон.