МШАНКАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МШАНКАЛАР (Bryozoa) - шапалактуулар ти­биндеги суу жандыктарынын классы. Колония­луу организмдер, колониясы дарак сымал, чан­да көлөмү чоң (бир нече слге чейин). Өзүнчө особ­дор - зооиддерден (уз. 1 мм дей) турат. Ар бир особдун назик алдынкы бөлүгү - полипид ко­лониянын үстүнө бир аз чыгып турат жана бир аз дүүлүктүргөндө арткы бөлүгү - цистиддин ичине кирип кетет. Полипидинде тегереги ша­палакчалар менен курчалган оозу жана жон анусу жайгашкан. Денесинин экинчилик көңдөйү (це­лому) жука тосмо менен арткы (дене) жана алдын­кы (шапалактуу) бөлүккө бөлүнгөн. Дем алуу жана бөлүп чыгаруу системасы жок. Ичегиси ил­мек сымал, нерв системасы ганглийден турат, андан нервдер чыгат. Гермофродиттер, жумурт­касы сууда, дене көңдөйүндө же атайын каме­расында өөрчүйт. Личинкасы раковиналуу же кээ биринде жок. Личинкасы суу түбүнө түшүп, колонияны пайда кылат. М-дын 4 түркүмү, 4,5 миндей азыркы, 1,5 миндей тукуму курут бол­гон түрү белгилүү. Денизде, чандасы тузсуз суу­да жашайт.