МҮСҮРАЛИЕВА
МҮСҮРАЛИЕВА Бакый (15.10.1922, азыркы Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Үгүт кыш. - 1992, ошол эле жер)

- малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Эмгек жолун Ак-Талаа р-нундагы Жданов атындагы колхоздо катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1950-жылдан колхоздо баш чабан. 1955-ж. өзүнө бекитилген койлордун ар жүзүнөн Ибдан, 1957-ж. 128ден, 1958-ж. 132ден, 1959-ж. 135тен козу, ар койдон, 3,2-4,4 кгдан жүн кыркып алган. 1959-67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.