МҮСҮРАЛИЕВ Камчыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮСҮРАЛИЕВ Камчыбек (10. 6. 1940-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Аламүдүн р-ну, Ар­чалы кыш.) - геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1980). ФПИни (1965), Ташкенттеги жогорку партиялык мектепти (1974) бүткөн. Казак­стандын Ак-Дөбө комплекстүү геол. экспедиция­сынын Борлин, Түштүк Муталжар партияларын­да техник-геолог, геолог, улук геолог (1965-67), 0. Азия мамлекеттик долбоорлоо институтунун изилдөөчү экспедициясында инженер, улук инженер (1967- 70), Кыргызстан КП Таш-Көмүр шааркомунун транс­порттук ө. ж. бөлүмүнүн башчысы, комсомол­дун Таш-Көмүр шааркоомунун секретары (1970- 72), Кыргызстан КП Ош обл. транспорттук ө. ж. бөлүмүнүн инструктору (1974-78), Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын башчысы (1978-87), Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Калинин, Сокулук гидрогеол. партияларынын башчысы (1987-93), 1993-жылдан Кыргыз комп­лекстүү гидрогеол. экспедициясынын башчысы.