МҮНӨЗДӨП ТАМАКТАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮНӨЗДӨП ТАМАКТАНУУ, д и е т а (грекче сИаИа - жашоо мүнөзү) - ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында өлчөмү, химиялык курамы, калориялуулугу жана кулинариялык даярдалы­шы боюнча атайын тандалып алынган тамак ра­циону. М. т. демейде өзүнчө айыктыруу ыкма­сы болбостон, дары-дармек ж. б. дарылоо ме­тоддору менен бирге сунуш кылынат. Айрым оору­ларда (гастрит, колит, жара оорусу, холецис­тит, бөйрөк оорулары ж.б.) дарылоонун негиз­ги ыкмасы болуп эсептелет. М. т. тамактануу тартибине жана тамакты даярдоо ыкмасына, оорунун мүнөзүнө жана азык заттын санына жана сапатына жараша болот. Мында рацион белок, углевод, минерал заттар жана витаминдер же­тиштүү түзүлүшү зарыл. М. т. врачтын кеңеши менен жана анын көзөмөлүндө жүргүзүлүп, орга­низмдин азык жана биол. активдүү заттарга мук­таждыгын толук канааттандырышы керек. Ал организмдин оору менен күрөшүүсүнө жардамда­шып, жабыркаган системанын тез калыбына ке­лишине түрткү берет, организмдин зат алмашуу­сун жанажалпы абалын жакшыртат. М. т-да врач өтө жеңил тамак (алма, быштак-, айран, сүт) кабыл алуу күндөрүн белгилейт. Суусу жана тузу аз жеңил тамак семирүүдө, жүрөк-кан тамыр си­стемасынын ооруларында, гипертония оорула­рында ж. б. берилет. Өзүн өзү дарылоо, ошондой эле арыктоо үчүн тамак ичпей коюу организмге зыян келтирип, кээ бир органдардын (боор, мээ ж. б.) иштөөсүн бузат. Тамак сиңирүүчү органдарга механикалык жана химиялык таасир этүүчү заттарды азайтуу чоң мааниге ээ. Механикалык таасирлердй азайтуу үчүн тамак рационунан клетчаткалуу өсүмдүк азык­тарын (түрп, капуста, бадыраң, чанактуулар ж. б.) алып таштоо керек. Ичеги-карындын жана тамак сиңирүүчү бездердин кызматын кү­чөтүүчү тамактар азайтылат. Бул учурда ынак сорпо, куурулган майлуу тамак, өткүр татымал жана соустар тамак рационунан чыгарылат. Жүрөк жана бөйрөктүн айрым ооруларында туз­суз тамак сунуш кылынат. Ал оорулуунун аба­лына, мүнөзүнө жараша болот.