МҮНӨЗ
МҮНӨЗ - көркөм чыгармадагы адамдын кулкмүнөзү, анын өзүнө, башка адамдарга, ар кандай көрүнүштөргө карата мамилесинен көрүнүүчү социалдык чөйрөдөгү жүрүм-турумунун стили. Жазуучулар образ түзүүдө биринчи адам Менен ачып берүүдөн баштайт. Адабияттагы М.
каармандын жеке касиеттерин көрсөтөт, ошондой эле аны тип даражасына көтөрүп чыгат. Ар бир доор өзүнүн типтүү М-дөрүн жаратат (мисалы, Кожожаш, Эр Төштүк - алгачкы мифол. мезгилдин, Манас, Семетей, Курманбек, Жаңыл Мырза - баатырдык, жоокерчилик доордун; Абил бий, Нүзүп - Кокон хандыгынын мезгилинин; Кычан, Дүйшөн, Танабай, Султанмурат - советтик мезгилдин типтүү М-дөрү). М. каарман жашаган социалдык чөйрө менен байланыш-катнашта ачылганда гана өзүнүн толук баалуу эстетикалык күчүнө жетишет.