МҮЙҮЗЧҮЛҮК
МҮЙҮЗЧҮЛҮК - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түрү. Мүйүз тандалып, үлгүсү кагазга түшүрүлгөн соң, кайнатылат. Мында анын ичиндеги өзөгү, кемирчеги өзүнчө бөлүнүп чыгып, пластмасса сымал накта мүйүзү калат. Усталар анын учун (уч жагы канаттуулар менен айбанаттардын кейпин жасоого колдонулат) кесип таштап, так ортосунан араа аркылуу бөлүп алат. Аны оттун табына жумшартып, тактайга беттеп бастырат. Мүйүздүн мындай калыптанып, түздөлгөн түрү ар кандай буюмдарды жасоого ийкемдүү келет. Мүйүздү кыруу, жонуу, кесүү үчүн чеберлердин атайын аспаптары бар. Өткөн доорлордо мүйүздүн айрым бөлүктөрүн желимдөөдө өрүк, карагай, жыгач өсүмдүктөрүнүн чайырлары керектелген. Мүйүздөн кыз-келиндердин кооздук буюмдары (шакек, билерик, оймок, сөйкө, желбирөөч, чолпу, күбөк, шуру, чач бастыргыч ж. б.), белек-бечкек, буюм-тайымдар («шахмат», «чакча», «тоо теке», «бүркүт», «гүл салгыч» ж. б.), чач тарак, чакча, чидер менен желенин тээги, камчынын жана бычактын сабы, түндүктүн чамгарагы, абалак, куту, балдак, ошондой эле уй менен топоздун мүйүзүнөн картык, наштар ж. б. жасалган. Айрым буюмдарга оймо-чийме түшүрүлүп, күмүш, жез, алтын менен шөкөттөлгөн. 1956-ж. Фрунзе (азыркы Бишкек) ш-нда мүйүздөн жана сөөктөн ар кандай белек-буюм жасоо устаканасы (уюштуруучусу жана демилгечиси элдик чебер-мүйүзчү Т. Амантаев) ачылып, мүйүз буюмдарын даярдоо механикалаштырылган. Мүйүзчү-чеберлер (М. Жоробаев, Д. Бердалиев, М. Осмонов, Т. Сатыбеков, О. Шайымов ж. б.) М-тү андан ары өркүндөтүшүп, жаңы мазмундагы мүйүз буюмдарынын көркөм улгүлөрүн жаратышкан. Мындай мүйүз буюмдар эл аралык көргөзмөлөргө (Москва, Алматы ж. б.) коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун туудурган.
А. Акматалиев.