МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ
МУШКЕТОВ МӨҢГҮСҮ - Борбордук Теңир-Тоодогу бутактанган татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз жана Адыр-Төр кырка тоолорунун тутумдашкан жерлеринен башталып, чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 20,5 км, туурасы 1500-1800 м, аянты 75 км2, орт. калыңдыгы 250 м. Эки кырка тоонун арасындагы кууш тепши сымал өрөөндө жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5440 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, тескей беттерде 3950 лгге чейин төмөндөп, күнөстүү беттерде

4400 жге чейин көтөрүлөт. Бети өңгүл-дөңгүл, чуңкур, жал, жаракалар менен өтө тилмеленген. Этегинин 5 клгдей жери морена катмары менен туташ капталган. Мезгил-мезгили менен алдыга тез жылып туруучу мөңгүлөрдүн катарына кирет. Акыркы жолу 1957-ж. алдыга жылган (2450 мге). Мөңгүдөн Сары-Жаздын сол куймасы - Адыр-Төр суусу башталат. Мөңгү И. В. Мушкетовдун ысмынан аталган.