МУШКЕТОВ
МУШКЕТОВ Иван Васильевич
[9(21). 1. 1850, Волгоград
обл., Алексеев бекети -
10(23). 1. 1902, Петербург] -
орустун геологу жана географы.
Петербург тор-кен
интун бүткөн (1872). Геол.
комитетте улук геолог (1882),
адъюнкт-проф. (1877). Петербург
тоо-кен институтунда кафедра
башчысы (1877), Жол
катнаш институтунда окутуучу (1882) болгон. М. - Теңир-Тоону изилдеген туңгуч геолог. 1874- 75-ж. Теңир-Тоо жана Сыр-Дарыянын өрөөнү боюнча алгачкы саякатында Түндүк Кыргызстанды басып өтүп, Кулжага чейин барган; бул аймактан бир топ кен ачкан. 1877-80-ж. О. Азияны изилдөөнү улантып, анын натыйжасында эки томдук «Түркстан» аттуу чоң эмгек жазган (12-т., 1886- 1906). Анда О. Азиянын геол. жана орогр. мүнөздөмөсүн берип, анын геол. түзүлүш схемасын сунуш кылган. Теңир-Тоо менен Памир-Алай тоолору кеңдик багыттагы жаа сымал бүктөлүү түзүлүштөрүнөн турарын аныктаган. 1881-ж. Г. Д. Романовский менен бирге Түркстандын алгачкы геол. картасын түзгөн. М-дун бул эмгектери 0. Азиянын геол. татаал өзгөчөлүгүн түшүндүрүүдө алгачкы илимий негиз болгон. Антарктида, Сибирь, Орто жана Борбордук Азиядагы 10 географиялык. объект (Мушкетов тоосу, Мушкетов мөңгусу ж. б.), минерал (мушкетовит) анын ысмынан аталган.
Эмг.: Туркестан. СПб., 1886, 1906. Т. 1-2. Каталог землятрясений Российской империи. СПб., 1893 (совм. с А. Орловым); Собр. соч.: В 2-х т. СПб., 1910-12.