МУХТАР
МУХТАР Аскад (23. 12. 1920-жылы туулган, Фергана ш.) - өзбек жазуучусу. Орто Азия мамлекеттик университетин бүткөн (1942). Чыгармалары 1938-жылдан жарыялана баштаган. «Болот эритүүчү» (1947) поэмасы, «Болоттун шаары» (1950) аңгеме-очерк жыйнагы, «Дарыялар кошулган жерде» (1950) повести менен М. өзбек адабиятында жумушчу темасын негиздеген. «Эже-сиңди» (1954) романында өзбек аялдарынын рухий турмушун, «Төрөлүү» (1961) романында ири курулуштардагы жаштардын эмгегин көрсөтөт. М-дын Өзбекстан, анын тарыхы, улут маданияты жөнүндөгүой толгоолорун баяндаган «Чынар» романы (1969); Өзбекстандын Хамза атындагы мамлекеттик сыйл. (1973) бар. «Каракалпак повести» (1958) менен «Өлбөстүк» (1969) поэмасы - тарыхый революциялык чыгарма. Акын катары да белгилүү А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, М. Горький, В. В. Маяковский өңдүү классиктердин чыгармаларын өзбек тилине
корынын алдындагы вокалдык хор студиясында 1956-57-ж. окуган. 1964-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясын бүткөндөн Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Көрүнүктүү партиялары: Тегирменчи (А. Дарго-

мыжский, «Суу периси», 1966), Коңурбай (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Манас», 1965), КорольРене (П. Чайковский, «Иоланта», 1965), Вожак (А. Холминов, «Оптимисттик трагедия», 1965), Борис Годунов (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1960), Васков (К. Молчанов, «Бул жер-
дин таңы бейкут», 1974), Балбай (М. Абдраев, «Бороон алдында», 1974) ж. б. 1975-ж. Москва, Ленинград, Кемерово, Новокузнецк, Рига, Пенза, Минск, Кишинёв, Каунас, Таллин, Сочи, Гагры, Сухуми, Батуми, Ташкент, Ашхабад, Алматы ж. б. ш-ларда, Полыпа, Венгрия, Сирия, Эфиопия, Түркия, Швейцария, Дания, Кытайда гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.
