Колдонуучу:Formula Test
ОРДУНА КОЮУ м а т е м а т и к а д а – көптүктүн ар бири a элементин ошол эле көптүктүн башка φ(a) элементи м-н алмаштыруу; мында берилген көптүктүн бардык элементтери бир гана жолу алынышы керек. Ордуна коюу үчүн жазуусу кабыл алынган. Мында берилген көптүктүн ар бир элементинин алдына ага тиешелүү элемент жазылган. n элементтеринен орун алмаштыруунун саны канча болсо, ар кандай Ордуна коюулардын саны ошончо болот, б. а. n! =1·2·3, ..., n. Бардык элементтерин өз ордуна калтыруучу I= түрүндөгү Ордуна коюу бирден бир же тендеш Ордуна коюу деп аталат. Ордуна коюуну көбөйтүүдө орун алмаштыруу закон аткарылбайт. i ж-а j эки элементинин гана орундары алмаштырылган Ордуна коюу т р а н с п о з и ц и я деп аталып, (i, j) – түрүндө белгиленет. Мис., . «Ордуна коюу» термини интеграл эсептөөдө интеграл алдындагы функциянын өзгөрмөсүн алмаштыруу дегенди түшүндүрөт.