МУХАН КАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАН КАГАН - 553-572-ж. Түрк каганды­гын бийлеген каган. Бумын кагандын уулу. Агасы Кара Ысык каган өлгөндөн кийин (553-ж.) такка отурган. Ал жужандарды (авар­ларды) биротоло талкалап, түндүк жактагы Цигу (кыргыз же чик) мамлекетин караткан. Көп узабай эле моңгол урууларын, түштүк-батыш та­раптагы Манжурия кидандарын, Енисейдеги түрк тилдүү кыргыздарды басып алат да, Борбордук Азия жана Түшт^Сибирдеги бийлигин биротоло бекемдейт. Ага Түндүк Кытайдагы эки мамлекет (Ци жана Чжоу) салык төлөгөн.

Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998.