МУХАММЕД ажы Ху Чженьхуа

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАММЕД ажы Ху Чженьхуа (9. 1. 1931-жылы туулган, КЭР., Шандунь провинциясы, Шищдао ш.) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1980), проф. (1986), КР УИАнын ардактуу академиги (1999). Дунгандын үй-бүлөсүнөн. 1948-ж. Кытай мамлекеттик Чыгыш тилдер университетинин араб тили факультетине ки­рип, 1949-жылдан орус тилин окуй баштаган.

Кытайдагы Шандунь университетин (1951), Нанжиш чыгыш тилдер институтун (1953), Пекин Борбордук улуттук университетин (1955) бүтүргөн. Орус, араб тилде­ринен тышкары уйгур, кыр­гыз ж. б. тилдерди да жак­шы өздөштүргөн. Кытай­түрк тилдерин үйрөнүү боюнча комитеттин жана Пекиндеги Ис­лам коомунун төрагасынын орун басары (1998). Кыргыз тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. «Манас» эпосун (1-бөлүмү) алгачкы ирет кытай тилине которгон. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.