МУСАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАЕВА Жаркынай Асановна (2.11.1948-ж. т„ Фрунзе) - экономист, экономика илимдеринин докто­ру (1998), проф. (2001). КМУну (1971), Кыргыз ССР ИА ЭИнин аспирантурасын (1978) бүткөн. КМУда окутуучу (1971-76), Кыргыз ССР ИАда кенже илимий кызматкер, (1980-89), Квалифика­цияны жогорулатуу институтунда доцент (1989-91), Өкмөт аппаратында экономикалык реформалар боюнча ке­ңешчи (1991-93), Кыргыз-америка бизнес, укук жана гуманитардык илимдер мектебинде кафед­ра башчысы (1993-94), КРСУда доцент (1994- 96), КУУда проф., ошол эле маалда «Сорос-Кыр­гызстан» фондунун алдындагы элита мектебинде мугалим (1996-2004), Эл аралык банкта кеңеш­чи (1999-2000), КУУнун экономика факультетинин проф. (2000-07), 2007-жылдан Эл аралык Ататүрк университетинде кафедра башчысы, проф. 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) авто­ру. Илимий эмгектери негизинен а. ч. экономика­сына арналган.

Эмг.: Как формируется аграрно-промышленная интеграция (авторлош). Ф., 1979; Хозяйствующий субъект и диалектика развития его экономического механизма хозяйствования. Б., 1997.