МУРСАЛИМОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРСАЛИМОВ Сайботтал Хабибулович (20. 2. 1930-жылы туулган, Фрунзе) - спортчу (ат спорту). СССРдин эмг. сиң. машыктыргычы (1980). КМДТИни бүтүргөн (1972). 1948-жылдан Респ. олимпияда резерви ат спорту мектебинде ма­шыктыргыч болуп иштейт. Рим ш-нда өткөн 17-0лимпиялык оюнда (1960) ат спортунун 3 түрүнөн Кыргызстандан 1-болуп СССРдин тандалма командасынын курамында катышып, 5-орунду, Токиодо (Япония) өткөн 18-0лимпиялык оюн­да (1964) 5-орунду (командалык), Европанын чемпионатында СССРдин командасы 1-орунга чыгып, өзү 7-орунду (1965) жеңип алган. СССР элдеринин 2-спартакиадасында баш байгени жеңип, Респ-га алгачкы алтын медалды алып келген (1959). СССРдин бир нече жолку чемпио­ну (1964-70). 30 спорт чеберин даярдаган, алардын ичинде Олимпиялык оюндардын (1980) призёру (2-орун) А. Блинов бар. «Ардак Белги­си» ордени жана медалдар менен сыйланган.