МУРЗАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРЗАЕВ Эдуард Макарович [19. 5(1. 6). 1908, Симферополь - 1. 8. 1998, Москва; сөөгү Ново­донск көрүстөнүнө коюлган] - физикалык географ жана топонимист, география илиминин доктору (1949), проф. (1966), РСФСРдин илимине эмг. сиң. ишмер (1970). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. СССР ИАнын География институтунда иштеген (1931- жылдан). 0. Азия, Борбордук Азия, МЭР жана Вьет­намга болгон экспедицияларга катышкан. Анын эмгектери кургак ландшафттардын өөрчүү та­рыхы, өлкө таануу, географиялык аталыштардын пай­да болушу, улуттук географиялык терминдер жана Азия­ны географиялык изилдөөнүн тарыхы ж. б. маселелерге арналган. Анын эмгектеринде О. Азиянын, өз­гөчө Кыргызстандын табияты, географиялык терминдери ор­чундуу орунду ээлейт. Германия табият сыноо­чуларынын «Леопольдина» академиясынын ака­демиги (1961), Моңголия ИАнын ардактуу проф. (1961), СССР мамлекеттик (1951), СССР ИАнын прези­диумунун В. А. Обручев атындагы (1963) сыйл. лау­реаты. Н. М. Пржевальский (1947) жана А. Гум­больдт атындагы (1959) алтын медалдар ыйгарылган. Эки орден жана медалдар, ошондой эле Моңголиянын «Уюл жылдызы» ордени менен сыйланган. КР УИАнын Теңир-Тоо бийик тоолуу физикалык-геогра­фия станциясын (1948) түптөгөндөрдүн бири.

Эмг.: К географической терминологии и номен­клатуре киргизов Тянь-Шаня. Л., 1940; Монгольская Народная Республика. Физико-географическое описание. 2-е изд. М., 1952; Северо-Восточный Китай. Физико-географическое описание. М., 1955; Средняя Азия. Физико-географический очерк. М., 1957; 1961; Словарь местных географических терминов. М., 1959 (соавтор); Средняя Азия. 3-е изд. М., 1961; Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; История открытия и исследования Советской Азии, М., 1969 (соавтор); Годы исканий в Азии. М., 1973; Очерки топонимики. М., 1974; Геог­рафия в названиях. М., 1979; 1982; Тюркские геогра­фические названия. М., 1996; Словарь народных гео­графических терминов. В 2-х т. М., 1984; 1999.

Т. Эшенкулов.