МУРГАБ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРГАБ РАЙОНУ Тажик Респ-нын курамын­дагы администрациялык бирдик. Тоолуу-Бадакшан обл-на ка­райт. Район 1932-ж. 27-октябрда уюшулган. Тоолуу-Бадакшан обл-нун чыгышында жайгаш­кан. Түндүгүнөн Ош обл. (Кыргызстан), чыгышынан Синьцзян-Уйгур автономия р-ну (Кытай), түштүгүнөн Бадакшан провинциясы (Афганстан) менен чектешет. Аянты 38,5 миң клг2. Калкы 17,0 миң (2009). Калкынын негизин памирлик кыр­гыздар түзөт. Расмий тили - кыргыз, тажик тилдери. Мусулман (сүннөттөр) динин тутат. Администрациялык-аймактык жактан бир шаарга жана 6 айыл жа­маатына (администрациялык-аймактык бирдик) бөлүнөт. Администрациялык борбору - Мургаб ш.

Район бийик тоолуу Памир аймагынан орун алган. Климаты мелүүн континенттик, чыгы­шы суугураак. Январдын орт. температурасы - 19,6°С, июлдуку 13°С. Жылдык жаан-чачыны 60-70 лм4. Негизги суусу - Мургаб д. (уз. 978 км). Бийик тоолуу чөл топурактары басымдуу, өсүмдүктөрү сейрек (терскен, жаздык сымалдар ж. б.). 1885-ж. орус аскерлери Чыгыш Памирди ээлеп, Мургаб кароолун негиздеген. 1895-ж. орус­англ. чектөөлөр боюнча бөлүнгөн: Панж д-нын сол жээгиндеги аймак Афганстанга, оң жээги (Ба­дакшан) Россиянын вассалы катары Бухарага берилген. Экономикасында а. ч. маанилүү орун­да. Негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, куйруктуу кой, эчки жана бодо мал (анын ичинде топоз) асырайт. Б. Амираева.