МУМИЁ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУМИЁ, тоо бальзамы, аркар таш - теги биол. чайыр сымал табигый зат. Аска-зоо­лордун жаракаларынан сызылып чыгып турат. Түрлөрү көп. Өңү-түсү ак, көгүш, кызгылтым, кара күрөңж. б. Химиялык курамы туруксуз, негизи­нен зоомеланоэдин, гумин, гиппур, бензой кислота­сы, амин кислотасы, туздар, микроэлементтер, ар түрдүү өсүмдүктөрдүн калдыктары кездешет. Бальзам сымал жыты бар, формасыз. Алтын (кызгылтым), күмүш (ак), жез (көгүш), темир (кара күрөң) М. деп бөлүнөт. Темир М. бардык жерде жолугат. Гималай, Теңир-Тоо, Араб ж. а-ндагы, Иран, Моңголия, Бирмадагы ж. б. тоолордо кездешет. Дартка даба, организмге пай­далуу зат. Сөөктүн сыныгын, ичеги-карын оору­ларын, бронхит астмасын, өпкө учугун, жараат­тарды дарылоодо кеңири колдонулат. Учурда Кыргызстанда ар кандай дарылар жасалууда.

Ад.: Алтымышев Атап Айтканда, Корчубеков Б. К. Мумиё жөнүндө биз эмнени билебиз. Ф., 1985; Савиных И. И. Все о мумие. Новокузнецк, 1999.