МУЛТАН
МУЛТАН - Пакистандагы шаар. Пенжабда, Чинаб д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,6 миллион (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаарлардын бири. Маанилүү жолдор тоому. Пахтачылык өнүккөн аймактагы соода борбору. Пахта
тазалоо, кебез-кездеме, кыл торко токуу, текстиль, химиялык (жер семирткичтер даярдалат), айнек, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (сариге кооздоп сайма саюу, килем токуу, кебез-кездемелерге шуру бастыруу ж. б.) өнүккөн.
