МУКАСОВ Мурат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАСОВ Мураталы (5. 10. 1950-жылы туулган, Чүй обл., Чүй р-ну, Кайырма айылы) - адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (2001), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2004), Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү (2007)_._ 1973-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1973-77-ж. Кочкор р-нундагы Көк-Жар орто мектебинде мугалим, 1977-80-ж. Кыргыз ССРинин «Билим» коомунда рефе­рент-методист, 1980-2005-ж. КР УИАнын азыр­кы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, 2005- жылдан КР УИАнын Кол жазмалар фондусун­да бөлүм башчы болуп иштейт. Кыргыз адабияты­нын ар кыл маселелерине байланыштуу ЮОгө жакын илимий макалалардын жана «Жаныш, Байыш эпосунун поэтикасы» (2000), «Дин жана арман ырлары» (2001), «Эпостор дүйнөсү» (2001), «Акындар жана аалымдар» (2008) сыяктуу бир нече илимий эмгектердин автору.