МУКАДДАСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАДДАСИ (ал-Мукаддаси, ал-Макдиси) Шамс-ад-дин Абу Абдаллах Мухаммед (946- 1000-ж. чен) - араб географы, тарыхчы жана сая­катчы. Иерусалим ш-нда туулуп, М. чыгыштын көп өлкөлөрүн кыдырган. Жейхани, ибн Хор­дадбек, Фатихтин эмгектерин да пайдаланган. Негизги китеби «Ахсан ат-такасим» же «Кли­мат (өлкөнүн географиялык абалы, өзгөчөлүктөрү боюнча системасы) таануу боюнча колдонмо» деп ата­латынча О. Азиянын ар бир шаары, айыл-кыштак­тарына чейин сүрөттөп, алардагы мектеп, ме­чит, базар, элдердин кесиби, тили, үрп-адаты тууралуу маалыматтарды калтырган. Кыргыз­дар жана алардын жашаган аймактары жөнүндөгү баяндамалары өтө кызыктуу. М-нин пикири боюнча Өзгөн жана Хайлам ш. Фергана өрөөнундө жайгашып, анда кыргыздар жашаган. Ош, Куба­Неси, Мискан, Жидгил (Чаткал), Насрабад, Чүл (Жиль), Барскан, Аблах, Жамукет, Шелжи, Текабет, Кулан (Куланак), Орду, Баласагын ж. б. шаар, айыл-кыштактар жөнүндө да жазып, алар­дын негизги калкы кыргыздар экендигин эс­керет. 11-12-к-дагы араб окумуштууларынан айырмаланып, М-нин эмгектеринде, айрыкча география боюнча баалуу маалыматтар, кеңири баяндамалар бар. Анын чыгармалары француз, орус ж. б. тилдерге которулган.