МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 4 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА - музыка аткаруу­га жана баамдоого байланыштуу анын объек­тивдүү мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөчү илим, акустиканын бир түрү. Анда добуштун бийик­тиги, катуулугу, тембри (боёгу) жана созулушу, консонанс жана диссонанс, музыкалык система жана түзүлүш изилденет, ошондой эле музыкалык кабылдоону, музыкалык аспаптар менен аспапташтырууну, гармония менен ырчынын үнүн изилдейт. Музыкалык теориянын бир бөлүгү катары М. а. байыртан философтор менен музыканттардын көңүлүн буруп келген. 19-к-да немис физиги жана физиологу Г. Гельмгольц, 20- к-дын башында К. Штумпф жана В. Кёлер (Гер­мания) М. а-нын изилдөө чөйрөсүнө кеңейткен. Радиостудиянын акустикасы, үн жазуу жана кө­чүрүү студиялары, стереофониялык жазуу ыкма­лары иштелип чыгууда. Жалпы физикалык акустика жөнүндөгү маалыматтарга жана ыкмаларга таянат.

Ад.: Алдошина И. А„ Притте Р. Музыкальная акустика. СПб., 2009.